Садыр Жапаров Токаевге  курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бөлүшүү:
Next Post

Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан 5 киши набыт болду

Украинанын Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан улам 5 киши көз жумду. 29 киши дайынсыз экенин кабарланууда. Херсон облусунун 50дөй калктуу пункттары суу алдында калды. Өлкөнүн ички иштер министрлиги суу алдында калган 30дай айылды Киев көзөмөлдөп жатканын, 2.5 миңден ашуун адам башка жакка көчүрүлгөнүн, Николаев облусунун 30дай конушун суу каптап, 1000 чукул […]

Сизге жагышы мүмкүн