Улуттук банктын музейинде ачык эшик күнү өткөрүлөт

Автор

18-майда Улуттук банктын музейинде ачык эшик күнү өтөт. Иш-чара Кыргызстандын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына жана Эл аралык музей күнүнө карата уюштурулууда. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Музейге келген адамдар улуттук валютанын өнүгүү тарыхы менен таанышып, банкноттор кандай жасалары жөнүндө маалымат ала алышат. Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ошондой эле, музейде Улуттук банк чыгарган коллекциялык монеталардын жана чет өлкө акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозициялары жайгаштырылган.

Экскурсия саат 09.00дөн 17.00гө чейин өткөрүлөт. Кирүү акысыз. Келгендердин жанында өзүн тастыктаган документ (паспорт, студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү) болууга тийиш экендиги маалыматта айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте музейлер күнү белгиленет

18-майда Бишкекте музейлердин эл аралык күнү белгиленет.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул күнгө карата бир катар иш-чаралар уюштурулат.   Саат 09:00дөн 22:00гө чейин:   -Исхак Раззаковдун үй-музейи (Чуйков көч., 90),   -Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы (Токтогул көчөсү, 170),   Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейинде (Токтогул көчөсү, […]

Сизге жагышы мүмкүн