Украина чет өлкөдөгү жарандарын мобилизациялоону баштайт

Автор

2024-жылы Украинанын Жогорку Радасы чет өлкөдөгү жарандарын мобилизациялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитетинин өкүлү Вадим Ивченко билдирди.
«Январь айында эркектерди чет өлкөдө мобилизациялоо боюнча мыйзам долбоору сунушталат. Чет өлкөдө жүргөн жана мобилизацияга дуушар болгон Украинанын жарандары да чакыруу кагазын алышат, ошондой эле өз мекенинде калган аскер кызматына милдеттүүлөр. Бара турган жеринин аскер комиссариатына келүү талабын аткаруудан баш тартуу мыйзам бузууга теңештирилет жана мыйзам бузуучу үчүн кийинки кесепеттерге алып келет», – деп жазган украиналык «Strana.ua» басылмасы.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров мобилизация маселесин адилет чечүүгө чакырганын NSN телеканалы билдирди. Ал белгилегендей, чет өлкөдө жашаган 25 жаштан 60 жашка чейинки бардык эркектер аскер комиссариатына чакыруу кагазын алышы керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургга барат

Президент Садыр Жапаров 25-26-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Маалым болгондой, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан Биримдиктин мындан […]

Сизге жагышы мүмкүн