Асмандан сөөлжан жаады

Автор

Кытайда белгисиз себептерден улам катуу бороондон кийин асмандан сөөлжан жаады. Пекинде болгон кызыктуу окуя кыска убакыттын ичинде дүйнөлүк басма сөзгө тарады.
Видеолордо чагылдырылган ошол көз ирмемдерде бардык жерди курт басып калганы байкалды.
Окуянын иликтенип жатканын белгилеген бийлик элди көчөгө кол чатыр колдонууну эскертти. Илимий-популярдуу журнал окуяларды катуу шамал менен байланыштырган.
Кытайда тартылган сүрөттөр социалдык тармактарда да чоң талкуу жаратты. Кээ бир колдонуучулар болгон окуяны “апокалипсистин белгиси” деп сыпаттады.
2011-жылы Англиянын Эдинбург шаарында да ушундай окуя болгон. Дене тарбия мугалими Дэвид Кричтон сабак берип жүргөндө ал жана анын окуучулары асмандан курт түшкөнүнө күбө болушкан.
Ошол учурда 26 жашта болгон Дэвид ал жана Галашиэлс академиясынын башка мугалимдери бул окуядан таң калганын айтты.
“Биз күтүлбөгөн жерден үндөрдү уга баштадык. Жерди карасак 20га жакын курт бар экен”,-деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Неймар “ПСЖ” футбол клубунан кетпейт

ПСЖнын чабуулчусу Неймар келечектеги пландарын чечти. Бул тууралуу чет өлкөлүк спорт басылмалары жазууда. Маалыматка ылайык, бразилиялык футболчу Франциянын баш калаасында бардыгына ыраазы, ошондуктан ал командадан кетүү планы жок. Ошол эле учурда париждик ири клубдун жетекчилиги атактуу футболчуну Түштүк Америка сатууну ойлоп жатканы мурда кабарланган. Неймардын азыркы клуб менен келишими 2025-жылдын […]

Сизге жагышы мүмкүн