Аялдарга айдоочулук күбөлүк эмнеге берилбей жатканы айтылды

Автор

Түркмөнстандын бийлиги биринчи жолу аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүдөн баш тартуу боюнча расмий комментарий берди.  Бул маселеге Женевада өткөн БУУнун Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын жумушчу тобунун 44-сессиясында Ички иштер министрлигинин өкүлү Г.Велиев билдирди.

Аткаминердин айтымында, өлкөнүн жолдорунда эч кандай күбөлүгү жок унаа айдап жүргөн көптөгөн аялдар болгон.  Коопсуздукту камсыздоо максатында иликтөө иштери башталып, анын жүрүшүндө аялдардын унаа айдоого мүмкүнчүлүгү убактылуу токтотулган.

Түркмөнстанда 2018-жылы аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүнү, ошондой эле мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра узартууну токтотушкан.  Арыз менен кайрылгандарга бул тыюуну эч кандай түшүндүрүшкөн эмес.  2020-жылы Ашхабаддын 30га жакын тургуну Жол кайгуул кызматынын имаратынын жанында нааразылык акцияларын уюштура баштаган.

Алар Ички иштер министрлигинин ошол кездеги жетекчиси Мамметхан Чакыев менен жолугушууга да өтүүгө аракет кылышкан.  Мындан кийин Чакыев президент Гурбангулы Бердымухамедовдон катуу сөгүш алып, активисттер биринин артынан бири полицияга чакырыла баштаган.  Натыйжада нааразылык акциялары токтогон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык спортчулар АКШда өткөн Эл аралык фестивалда алтын медалга ээ болушту

Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Элдос Айтбаев (80 кг) жана Эльза Абдыкадырова (70 кг) Флорида штатынын Орландо шаарында (АКШ) өткөн Эл аралык фестивалда алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Фестиваль ушул жылдын 2-5-ноябрь күндөрү өткөн. Ага Кыргызстан, Россия, Пакистан, АКШ, Канада, Венгрия, […]

Сизге жагышы мүмкүн