НАТО өлкөлөрү Украинага аскерлерин жөнөтөтөрү айтылды

Автор

Эгер НАТОнун Вильнюстагы саммитинде Киевге чыныгы коопсуздук кепилдиктери берилбесе, альянстын кээ бир өлкөлөрү ар бир жагдайга жараша чара көрүп, Украинага аскерлерин киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу НАТОнун мурдагы баш катчысы Андерс Фог Расмуссен билдирди.
Ал кошумчалагандай, Польша Киевге конкреттүү жардам көрсөтүүгө абдан кызыкдар жана Балтика өлкөлөрү да артынан келиши мүмкүн.
Буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО толук коопсуздук кепилдигин толук кандуу мүчөлөрүнө гана берерин, бирок Киев үчүн кепилдик маселеси күн тартибине киргизилерин билдирген.
Эске салсак, Киев НАТОго кирүү үчүн 2022-жылдын сентябрында арыз берген. Украина да коопсуздук кепилдиги боюнча өзүнүн долбоорун сунуштады. Негизги кепилдиктердин арасында Украинанын аскердик-өнөр жай комплексине инвестициялоо, ага чалгындоо маалыматтарын берүү жана Евробиримдиктин жана НАТОнун колдоосу астында республиканын Куралдуу Күчтөрүн окутуу болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Криштиану Роналду спорттук карьерасын аяктоону чечти

Сауд Аравиянын “Аль-Наср” жана Португалия футбол курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду  спорттук карьерасын качан таштоону пландап жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салышты. “Карьерамдын эки-үч жылы калды, ушул куракта өзүмө кам көрүү андан да маанилүү. Мен футболдук команда сатып аларымды жокко чыгарбайм. Футболдук карьерамдан кийин ушундай кылгым келет”, – […]

Сизге жагышы мүмкүн