Украина Запорожье атомдук станциясына сокку урушу мүмкүн

Автор

Орусиянын өзөктүк энергетикалык компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Ренат Карачаа “Россия-24” телеканалынын түз эфиринде украин армиясы 5-июлда  Запорожье атомдук станциясына чабуул жасай турганын билдирди.

“Украинанын куралдуу күчтөрү 5-июлда түнкүсүн Запорожье АЭСине алыс аралыкка атуучу тактыктагы куралдар жана учкучсуз учактар ​​менен чабуул жасоого аракет кылат. — деди Карачаа

Мындан тышкары ал Киев ТЭЦке радиоактивдүү калдыктар толтурулган дүрмөттүү «Точка-У» ракетасы менен сокку урганы жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Запорожье облусунун айланасындагы кырдаал боюнча маселени көтөрүп жатып, украин тараптын чагымчылдыктары тынымсыз болуп жатканын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

6-июлга карата аба ырайы

Эртең, 6-июлга тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,   Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн