Кыргызстанда эки нөөмөт менен иштеген бала бакчалар ачылат

Автор

Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттүү 500 бала бакчанын  ичинен 290нун имаратын жергиликтүү бийлик берген, учурда аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Дагы 270 бала бакчаны курууга тендер жарыяланды.

Бул бала бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак берилбейт жана балдар бакчада уктабайт. Мындай бала бакчалар эки нөөмөт менен (эрте менен жана түштөн кийин) эки эсе көп баланы камтый алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Уулуу жылан шаар калкын коркутууда

Нидерландиянын Тилбург шаарынын бийликтери жергиликтүү тургундарга өлүмгө алып келген уулуу тропикалык жылан шаарды айланып жүргөнүн эскертти. Эки метрлик жашыл мамба жыланы шаарга чыгып кеткен. CNN телеканалынын маалыматына караганда, Голландиянын 200 миңден ашуун калкы бар Тилбург шаарында  уулуу жыланды  издеп жатышат. «Эгерде кимдир-бирөөнү жылан чакса, дароо тез жардам кызматына кайрылышы керек», […]

Сизге жагышы мүмкүн