Пашинян менен Алиев Испанияда сүйлөшөт

Автор

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев 5-октябрда Испаниянын Гранада шаарында өтө турган Европа саясий шериктештигинин саммитинде жолугушат.
«Биз Алиевдин жардамчысы Хикмет Гажиев менен 5-октябрда Гранадада боло турган лидерлердин жолугушуусуна даярдануудабыз»,-деп айтылат Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө.
26-сентябрда Брюсселде мамлекет башчыларынын өкүлдөрү жолугушуп, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин талкуулашат.  Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун, Германиянын канцлери Олаф Шольцтун жана Еврокеңештин башчысы Шарль Мишельдин катышуусунда беш тараптуу жолугушуу пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

 Лионель Месси сегизинчи жолу "Алтын топ" сыйлыгын алабы?

Аргентиналык футболчу, “Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси карьерасында сегизинчи жолу “Алтын топту” алуу ыктымалдыгы тууралуу айтып берди. Учурда көптөгөн эксперттер Мессини бул абройлуу сыйлыкты алуу үчүн абсолюттук фаворит катары таанышууда. “Бул жакшы сыйлык. Бирок менде баарын жеңүү бактысы болду: Чемпиондор Лигасын, Америка Кубогун, Улуттук лигаларды жана Дүйнө чемпиондугун жеңдим, […]

Сизге жагышы мүмкүн