УКМК: 10 салык кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Автор

Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу  УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери ишкерлер менен тымызын сүйлөшүп алышып, салыктын эсебин 100 млн сомдон ашык суммага атайылап азайтышкан.

Келип түшкөн материалдардын негизинде  Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен иш козголуп, 10 инспектор камакка алынган.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды кармоо, мамлекетке келтирилген зыянды так аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканы, кошумча маалымат берилери кабарланды.

Мамлекеттик салык кызматы бул боюнча комментарий бере элек

Бөлүшүү:
Next Post

Газ жарылып, көз жумгандардын саны төрткө жетти

Казакстандын Мангистау облусуна караштуу Жаңы-Өзөн шаарында эки кабаттуу үйдө газ жарылып, каза болгондордун саны төрт кишиге жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Урандылардын астынан төрт адам тирүү чыгарылып, төрт адамдын сөөгү табылды. Маалым болгондой, адистер эки аялды, бир эркекти жана бир баланы сактап калууга жетишкен. Жабыркагандардын алтоо ооруканага жаткырылды. Өзгөчө кырдаалдар […]

Сизге жагышы мүмкүн