Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө 7 млрд сом каралган

Автор

2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүүгө 7 млрд сом суммасында каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 29-февралга карата төмөнкү иш-чараларга 1,7 млрд сом каржыланган:
“Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренеси боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган. Алардын ичинен “Кыргызжылуулукэнерго” МИден келип түшкөн билдирмелердин негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февралында 750 млн сом каржыланган. Бул чыгымдар жарандарыбыз үчүн жылуулук энергиясынын тарифтерин мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин жылуулук менен жабдуучу ишканаларынын чыгымдарын компенсациялоого каралгандыгын белгилей кетүү зарыл;
бийик тоолуу аймактарда, алыскы зоналарда жашаган калкка электр энергиясын төлөө боюнча 50 пайыздык жеңилдикти компенсациялоого 184 млн сом каралган жана январь-февраль айларына карата 62,3 млн сом каражат бөлүнгөн;
бюджеттик уюмдарга республикалык бюджеттин эсебинен көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 430,3 млн сом каралган, анын ичинен январь-февраль айлары үчүн 2,6 млн сом каражат бөлүнгөн;
Республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттик уюмдарга коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан чыгымдарга 3,5 млн сом каралган. 29-февралга карата иш жүзүндөгү чыгаша 568,8 млн сомду түздү, анын ичинен электр энергиясын төлөөгө – 462,2 млн сом, жылуулук энергиясын төлөөгө – 95,8 млн сом жана жаратылыш газын төлөөгө-10,7 млн сом;
2024-жылга республикалык бюджеттин эсебинен жергиликтүү бюджеттик каржылоодо турган мекемелердин электр энергиясына кеткен чыгымдарын жабуу үчүн зарыл болгон жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 1,2 млрд сом суммасында каражат каралган. Январь-февраль айларында 296,6 млн сом каржыланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Праймеризде Трамп менен Байден жеңишке жетишти

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен азыркы мамлекет башчысы Жо Байден Республикачыл жана Демократиялык партиялардын праймеризинде жеңишке жетти. Алар жакында өз партияларынан АКШ президенттигине расмий түрдө көрсөтүлөт. Байдендин АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкерлиги расмий түрдө көрсөтүлдү. Экинчи мөөнөткө ат салышууну чечкен өлкөнүн азыркы лидери, эреже катары, олуттуу атаандаштыкка туш болбойт. […]

Сизге жагышы мүмкүн