Быйыл Ысык-Көлгө 1,3 млн турист келди

Автор

Быйыл жай мезгилинде Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң турист келген. Бул тууралуу  Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин облустагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров облус аймагында жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен жолугушуп, жайкы туристтик сезондун жыйынтыгы талкууланды.

Жыйында “Аймактагы туристтердин саны өсүп жатканы байкалууда, андыктан биз дагы кызмат көрсөтүүнү жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе – бул экологияны коргоо жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Бул багытта бардыгыбыз биргеликте иш алып баруубуз зарыл”, – деп белгиледи облус жетекчиси.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча 1 миң 127 конок үйү бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Жайкы дөңгөлөк менен жүргөн айдоочуларга айып пул сала баштады

1-декабрдан тарта казакстандык айдоочуларга унааларын жайкы дөңгөлөктөрү менен  башкарууга тыюу салынды.  Казакстанда бул талапты бузгандарга жоопкерчилик каралган. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 590-беренесинин 5-пунктуна ылайык, унааны жайкы дөңгөлөктөрү менен кыш мезгилинде айдагандар  үчүн  2023-жылы 17 250 теңгеге барабар айып пул каралды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн