Кыргызстанга тогуз өлкөдөн жылкылар алынып келинди

Автор

Быйыл сегиз айда Кыргызстанга 146 млн 816,9 миң сомго 2 миң 221 баш жылкы жана качыр алынып келинди.  Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, жылкылардын көбү Кыргызстанга Орусиядан (1 миң 707 баш 91 млн 293 миң сомго) алынып келинген. Польшадан 31 млн 130,7 миң сомго 272 баш алынып келинген. Литвадан 16 млн 868 миң сомго 173 жылкы келген.

Мындан тышкары, АКШдан Кыргызстанга 652,4 миң 4 баш жылкы жана Аргентинадан 191,9 миң 3 баш жылкы алынып келинди.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абад облусуна 2 млрд сом бөлүнгөн

“Жалал-Абадка 2 млрд сом каражат бөлгөнбүз. Жолдор оңдолуп жатат. Былтыр Кара-Колдун жолдорун оңдоп, түзөөдөн өткөргөнбүз. Эми Баткендин жолдору башталып жатат”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров. Ал бардык облустардын борборлору бирдей эле жасалып жатканын айтып, Нарын быйыл бүтөөрүн, Талас башталаарын, шаарларды өнүктүрүүдө каражаттар бөлүнөөрүн маалымдады Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн