УКМК казынага 1 млрд 200 млн доллар кайтарды

Автор

“УКМК мамлекеттик казынага 1 миллиард 200 миллион доллар акчаны кайтарды”,- деп билдирди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Талас облусуна болгон иш сапары учурунда. Ал өзгөчө кызматтын кызматкерлерине жаңы салынган турак жайдын ачкычын тапшырып жатып, УКМК кызматкерлеринин эмгеги ат көтөргүс деп баалады.

“Эгер Талас аймагы боюнча кандайдыр бир криминалдык элементтер баш көтөрүп, элдин жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтириле турган болсо, анда, силерге мен чара көрөмүн. Шарттар түзүлдү, бардык райондордо имараттар жаңыланды, турак жай маселеңер да чечилди. Эми талыкпай иштешиңер керек”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Түштүк Африка Израил менен дипломатиялык байланыштарын үздү

Түштүк Африка өлкөсү мусулман мамлекеттерине өрнөк болуучу аракетин жасады. Бүгүн, 22-ноябрда парламенти Израил менен болгон дипломатиялык байланыштарын үзүп, Израилдин элчилигин жабууну буюрду. Алар мындай кадамга Израилдин Газа тилкесиндеги кыргыны себеп болгону менен түшүндүрүштү. Өткөн айда Түштүк Африка  Израилдин Палестиналык тургундарды бомбалаган аракетин эң биринчилерден болуп айыптаган эле. Белгилей кетүүчү нерсе, […]

Сизге жагышы мүмкүн