Түштүк Африка Израил менен дипломатиялык байланыштарын үздү

Автор

Түштүк Африка өлкөсү мусулман мамлекеттерине өрнөк болуучу аракетин жасады. Бүгүн, 22-ноябрда парламенти Израил менен болгон дипломатиялык байланыштарын үзүп, Израилдин элчилигин жабууну буюрду.

Алар мындай кадамга Израилдин Газа тилкесиндеги кыргыны себеп болгону менен түшүндүрүштү. Өткөн айда Түштүк Африка  Израилдин Палестиналык тургундарды бомбалаган аракетин эң биринчилерден болуп айыптаган эле.

Белгилей кетүүчү нерсе, ушул кезге чейин Израил менен бир дагы мусулман өлкө же, арап мамлекеттери мамилесин үзө элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаровду Беларуска кимдер коштоп кетти?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда  Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышуу үчүн иш сапары менен Беларусь Республикасына жөнөп кетти. Сессия Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтөт. Жамааттык Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди […]

Сизге жагышы мүмкүн