УЕФАнын башчысы Чеферин Орусиянын футболго  кайтуу шарттарын атады

Автор

Европа футбол союзунун президенти Александр Чеферин россиялыктардын континенттин футболдук жашоосуна кайтып келиши ыктымалдыгы тууралуу пикирин журналисттер менен бөлүштү.

УЕФАнын башчысы ” Орусиянын улуттук курама  командасы жана клубдары  Украинадагы  атайын аскердик операция аяктаганда гана  кайтып келе алышат”,-деди

Эске сала кетсек, 2022-жылдын февраль айында Украинада атайын аскердик операция башталгандан кийин Орусиянын курама командасы жана орусиялык футбол клубдары эл аралык турнирлерден четтетилген. Буга чейин Орусиянын футбол союзунун башкы катчысы Максим Митрофанов Россияны эл аралык аренага кайтаруу боюнча УЕФА жана ФИФА менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Путинди кайрадан “диктатор” деп атады

АКШнын президенти Жо Байден Россиянын президенти Владимир Путинди “диктатор” деп атаганын Ак сарайдын басма сөз кызматы билдирди. “Мен Путинге окшогон диктаторлор тарапта болбойм”,-деди Байден Нью-Йорктогу Бродвей театрында өзүнүн шайлоо кампаниясында. “АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россияга таазим кылат”,-деген Байден кайра шайланса Россияга баш ийбей турганын билдирди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн