Убакытым аз дегенге өзү түшүндүрмө берди

Автор

УКМК төрагасы өзүнүн кайрылуусу жөнүндө түшүндүрмө берип, “убакыт өтүп жатат, ал эми менин убактым өтө аз калды”,- деген сөзү эмнени айткысы келгендигин чечмелеп берди. Ал “коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабы башталды. Билинбей эле эки жыл өтүп кетиптир. Мен УКМКда 15 жыл отурайын деген оюм жок. Дагы канча отурам билбейм. Убакыт болсо, өтүп баратат. Коррупция менен күрөштүн биринчи этабы 2,5 жыл сүрдү. Айтор бул күрөштү карап отурбай тез арада бүтүрүү керек”,- деди. Коомчулук Камчыбек Ташиевдин кайрылуусун туура эмес божомолдоп, ден-соолугу чың болсун деген каалоолорун билдиришкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Казино жөнүндөгү мыйзам кайрадан талкууда

Парламент балким, казино жөнүндөгү мыйзамды артка кайтарып алышы мүмкүн. Бул боюнча Балбак Түлөбаев билдирди. “Акылбек Жапаров мыйзамды алып келатканда 2 млрд сомдон ашык каражат түшөт деген. Жылдын аягында биз сурайбыз. Казино иштетүү боюнча лицензияны экс-депутат, экс-губернатор болгон бирөө алды деген ушак чыгып жатат.  Биз бир чиновник байысын деп, ал мыйзамды […]

Сизге жагышы мүмкүн