Казино жөнүндөгү мыйзам кайрадан талкууда

Автор

Парламент балким, казино жөнүндөгү мыйзамды артка кайтарып алышы мүмкүн. Бул боюнча Балбак Түлөбаев билдирди. “Акылбек Жапаров мыйзамды алып келатканда 2 млрд сомдон ашык каражат түшөт деген. Жылдын аягында биз сурайбыз. Казино иштетүү боюнча лицензияны экс-депутат, экс-губернатор болгон бирөө алды деген ушак чыгып жатат.  Биз бир чиновник байысын деп, ал мыйзамды кабыл алып берген жокпуз”,- деди депутат. Өткөн айда козино иштетүү боюнча лицензияны Арзыбек Бурканов алды деген каңшаар тараган. Ал президенттин досу жана “Ишеним” партиясынын ээси катары белгилүү.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин районундагы шайлоонун үгүт иштерине 9,4 млн сом жумшалды

Ленин районундагы шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунан 9 млн. 405 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Мыйзам ченемдерине ылайык бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 150 миң сомдон ашпаган талапкердин жеке каражаттары; 1 млн. сомдон ашпаган саясий […]

Сизге жагышы мүмкүн