Төө-Ашуудан тоннель аркылуу өтүү кымбаттайт

Автор

Бишкек-Ош унаа жолундагы туннелдер аркылуу унаалардын өтүүсүнө төлөмдүн тарифтери өзгөртүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин «Бишкек — Ош унаажолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымды төлөөнүн өлчөмү жана тартиби» токтомунун негизинде Бишкек — Ош унаа жолундагы туннелдер аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдын өлчөмү өзгөртүлдү.

Ошентип, 2024-жылдын 1-январынан тарта «Сосновка» жана «Кара-Көл» көзөмөл-өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн төлөмдөр өзгөртүлгөн тарифтер боюнча алынат.

жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашпаган оруну бар транспорт каражаттары – жеңил транспорт каражаттары: ата-мекендик – 50 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 200 сом;
жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т. ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашпаган транспорт каражаттары. Дөнгөлөктүү тракторлор: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
жүргүнчүлөрдү ташуу учун пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т. ашкан транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашкан, бирок 12 т ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары: ата-мекендик – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;
жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т жогору, бирок 10 т ашпагап чиркегичтер: ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;
максималдуу эсептик ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган, олуттуу өлчөмдөрү менен мүнөздөлгөн жана чоң айыл чарба аянттарын иштетүү үчүн атайын арналган жазысы кең тракторлор (комбайндар): ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;
жүктордү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 10 т ашкан чиркегичтер: ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы жылда кыргызстандыктар 7 күн эс алат

Министрлер кабинетинин 2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтому кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда министрлер кабинетинен билдирди. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленди: 1) […]

Сизге жагышы мүмкүн