Төрага Шакиев Венгрияга расмий иш сапары менен барды

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга (Мажарстан) расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу алакаларды арттырууга байланышкан маселелер талкууланары күтүлүүдө.
Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Жусупбек Коргонбай уулу, Гүлшаркан Култаева, Максатбек Сарбагышев жана Азамат Исираилов коштоп барды.

Бөлүшүү:
Next Post

Мажарстандын президенти отставкага кетти

Мажарстандын президенти Каталин Новак отставкага кетти. Ал 2023-жылы апрель айында кетирген катачылыгы үчүн кызматтан кетээрин өткөн жуманын аягында жарыялаган эле. Каталин Новак педофилияга тийешеси бар бирөөгө ырайым кылганын президенттик мөөнөтү учурундагы катачылыгы деп эсептейт. Эми Мажар парламенти жаңы президентти март айында шайламак болууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн