Төрага Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүү боюнча үн катты

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүү демилгеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, коомчулуктун пикири дагы эске алынат.

«Албетте, социалдык тармакта талкуу болуп жатат. Ошол эле учурда туура сындар бар, туура эмес сындар бар. Алардын баарын карайбыз. Бирок биз бул өзгөртүүнү жасайбыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган.

Бөлүшүү:
Next Post

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка постуна жана Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу  «Кыргызавтожол»мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек — Ош унаа жолун кардан тазалоо жана инерттик […]

Сизге жагышы мүмкүн