Тууну өзгөртүү долбоору парламенттин комитетинде экинчи окууда каралууда

Автор

Бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Таалайбек Сарыбашов: “Каражатты эскерүү иш-чараларына жумшабай, маданиятты көтөрөлү”

“Өнүгүп жаткан мамлекет сөзсүз өзүнүн маданиятын колдош керек. Бирок, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлерди эскерүү иш – чараларын өткөзүүнү 100,150 жана 200 сыяктуу так даталарга өткөзбөйсүздөрбү”,- деген сунушун айтты депутат Таалайбек Сарыбашов маданият жана маалымат министрине. Ал эскерүү иш – чараларын өткөрүүдө мамлекеттик кызматкерлерди кыйнобоого жана чыгымга учуратпоого чакырды. “Андан […]

Сизге жагышы мүмкүн