Кытайда жер титирөөдөн алты адам жабыркады

Автор

Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөөдөн алты адам жабыркаганын Синьцзян Daily гезити жазды.
Жергиликтүү бийлик дароо чукул планды ишке ашырууга киришип, өрт кырсыгы болгон аймактарга өрт өчүрүү, медициналык жана байланыш кызматтарын, жалпысынан 236 унааны жана 1055 кызматкерди жөнөттү.
Акыркы маалыматтар боюнча, эки адам оор, дагы төртөө жеңил жаракат алып, 47 үй толугу менен талкаланып, 78и жабыркаган.
Шейшембиде Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Аксу уездинин Уши уездинде күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 2:09да болду. Саат 8:20га карата сейсмологдор күчү 3 баллдан ашкан 43 силкинүүнү катташкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Социалдык фонддун быйылкы бюджети бекитилди

Президент Садыр Жапаров “Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аны былтыр декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Мыйзамдын максаты – Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укуктарын камсыз кылуу. Мыйзам менен Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 106 млрд 982 млн 454,9 […]

Сизге жагышы мүмкүн