Жети-Өгүздө 100 балага ылайыктуу бала бакча ачылды

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана ал 100 балага ылайыкташкан. Ошондой эле мында жергиликтүү 19 адам жумуш менен камсыз болот.

Ачылуу аземине катышкан Жапаров балдардын адам болуп тарбиялануусуна бала бакчалардын артыкчылыктарына токтолду.

“Балдардын жалпы билим берүү мектептерине барганга чейин бала бакчалар — билим берет жана өнүктүрөт, бала социалдашат, коомго аралашуусуна түрткү болот, балдар өз алдынчалыкка жана жоопкерчиликке үйрөнүшөт, бул ата-энелер үчүн дагы жакшы. Ошол себептүү мамлекет балдарга болгон камкордукту бала бакчалардан баштайт”, — деди ал.

Белгилей кетсек, 10 миңге жакын жашоочусу бар Барскоон айылында буга чейин 1 бала бакча болгон. Жаңыдан курулган бул имарат эми бала бакча жетишсиздигин жоет.

Бөлүшүү:
Next Post

24-августка карата аба ырайы

Эртең, 24-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35,   Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37,   Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,   Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30,   Бишкекте түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн