Токтогулдагы мугалим үчүн 5 млн сом төлөнүп берилет

Автор

“Токтогул өрөөнүндө жол кырсыгынан бир мугалим каза болду. Ага 5 млн сом төлөнүп берилдиби”,- деп сурады  Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо өкмөттүн өкүлүнөн.

“Прокурорлорго 21 млн сомго чейин төлөп жатасыңар, кечээ Токтогулда мугалимдер үчүн сыноо болуп, биринчиликти алган эжеке каза болуп калды. Ал да көз жаздымда калып кетпесин. Мугалимдер иш учурунда көз жумса, канча сом кенемте төлөнүп берилет”,- деди эле өкмөттүн өкүлү кагазын карап, 5 млн сом төлөнүп берилээрин, комиссия карап чыгып, жобого туура келсе, кенемте төлөнүп берилээрин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл Кыргызстанда баалар 4,3 пайызга өстү

Кыргызстанда быйыл январь-май айларында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,3 пайызды түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 6,5 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 3,2 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 4,9 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 5,2 […]

Сизге жагышы мүмкүн