Мектепке окуу китептерин “Учкун” ААК басып чыгарат

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитти, 12.10.23-жыл №546.

Документке ылайык, министрлер кабинети “Учкун” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоого ыйгарым укук берди.

Билим берүү жана илим министрлигине өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү жана токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү тапшырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн