Билим берүү министрлигине уурулукка кирген жарандар кармалды

Автор

Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин имаратына уурулукка кирген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

ИИМдин Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө министрликтин имаратынын ичинде 3-4 чоочун адам жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя 7нен 8-августка караган түнү болгон.

Жерине барган атайын топ тарабынан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, багажынан министрликке тиешелүү чугун батареялары табылган.

Министрликтин имаратына уурулукка кирүүгө шектелип 50, 51, 32 жана 33 жаштагы төрт жаран кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округу боюнча шайлоо. Токон Мамытов депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

10-сентябрда ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ талапкер Мамытов Токтокүчүк Болотбековичтен  арыз түшкѳн. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү бүгүн, 10-августта аяктайт.   Талапкерлердин тизмеси:   Эртай Искаков; Аскар […]

Сизге жагышы мүмкүн