Токой өртү курортторго жакындады

Автор

Түркиянын түштүгүн табигый өрт каптап жатат. Популярдуу болгон Анталия аймагында өрт өчүрүүчүлөр дүйшөмбү күнү кечтен бери тилсиз жоо менен күрөшүүдө.

“Hurriyet Daily News” гезитинин маалыматына караганда, өрт Анталиянын Кемер районунда кечки саат 21:00 чамасында башталып, түндө  100 гектар аянтка жайылган. Өчүрүүгө 1050 өрт өчүрүүчү, 200дөн ашык техника, 10 учак жана 22 тик учак тартылган.

Коопсуздукту алдын алуу максатында жергиликтүү мамлекеттик оорукана эвакуацияланды.

Греция Родос аралында жетинчи күн катары менен өрт менен күрөшүп жатат. Аталган аймакта  30 миң адамды көчүрүүгө туура келген.

Бөлүшүү:
Next Post

27-июлдагы аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38, Талас облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн