27-июлдагы аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Нарын облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы +22…+26, күндүзгү жогорку температура +36…+38 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Шойгу Ким Чен Ын менен жолугушту

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушту. Тараптар коопсуздук маселелерин талкуулашты. Коргоо министрлигинин башчысы Түндүк Кореянын лидерине Россиянын президенти Владимир Путиндин жеке кайрылуусу жазылган катты бергенин Түндүк Кореянын «Корей үнү» радиостанциясы билдирди. Сүйлөшүүчүлөр корей-орус достугунун тамыры терең тарыхын жылуу эске салып, улуттук коргонуу […]

Сизге жагышы мүмкүн