Токмок мэриясында 10 млн сом кымырылган

Автор

Токмок шаардык мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бюджетинде 10 млн 326,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.
Малыматка ылайык, былтыркы бюджеттердин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Анда, 9 млн 919 миң сом чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер, 2 млн 620,9 миң сом эмгек акынын негизсиз төлөмдөрү, 645,9 миң сом курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыкча баалоо, 6 млн 652,2 миң сом бухгалтердик эсепке жашырылган дебитордук жана көбөйтүлгөн кредитордук карыз ж.б болуп саналат.
Коллегиянын чечими менен аныкталган каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча текшерүүгө алынган объектилерге Токмок шаардык Кеңешине буйруктар жөнөтүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Курулуш агенттикти министрлик кылуу сунушталды

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикти Курулуш министрлиги кылып өзгөртүү боюнча парламентте сунуш айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди. Эл өкүлү “Мына кошуна мамлекеттерде Курулуш министрлиги бар. Бизде болсо, агенттик боюнча калып кетти. Бюджети да көп. Ушуну министрлик кылуу боюнча сунуш киргизем”,- деди. […]

Сизге жагышы мүмкүн