Ысык- Көлдө Манасчылар паркы курулат

Автор

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылына Манасчылар паркы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, парк комплексинин эскиздик долбоору Ак-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.
“Аталган паркта Манас айтууга, Нооруз майрамын өткөрүүгө, көргөзмө жыйын уюштурууга, музей катары колдонууга шарт түзүлүп, жаштар үчүн сейил бак катары, меймандар үчүн сый көргөзүү катарында багытталган ар кандай скульптуралык композициялар орнотулат”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркиянын бешинчи муундагы согуштук учагы сыналды

Түркиянын бешинчи муундагы KAAN аталышындагы согуштук учагы шаршемби күнү биринчи учуу сыноосун аяктады. Түркиянын эң дымактуу технологиялык долбоору деп эсептелген KAAN улуттук согуштук учагы “Turkish Aerospace Industries” компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Бешинчи муундагы түзүм Түркиянын Аскер-аба күчтөрүнүн F-16 учактарын алмаштыруу үчүн иштелип чыккан. KAAN долбоору 2016-жылы башталган. Программанын баасы 10 […]

Сизге жагышы мүмкүн