Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 103 млн сом түштү

Автор

Бүгүн, 11-март саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 102 млн 822 миң 315,83 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

 

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.

Төлөм коду: 14411100 – “Учурдагы жардам”.

Бөлүшүү:
Next Post

Тимофей Цзю WBO версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталды

Сиднейде австралиялык мушкер Тимофей Цзю менен америкалык Тони Харрисондун беттеши өттү. Тимофей тогузунчу раундда нокаут менен жеңишке жетти. Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Константин Цзюнун уулу Тимофей титулдуу атаандашын нокаут менен жеңди. Бул жеңишинин аркасында Тимофей Цзю Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) версиясы боюнча жеңил орто салмакта убактылуу дүйнөнүн чемпиону болду. Тимофей […]

Сизге жагышы мүмкүн