Активист Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды

Автор

Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу анын уулу Аалы Аспеков Фейзбук баракчасына жазды.
Ал атасы соттун чечимине макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылышарын тактады.
Эскерте кетсек, активист Мелис Аспеков массалык баш аламандыкка даярданууга айыпталып, №1 тергөө абагына камалган. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламентте мандат маселеси курчуду

Парламенттин ичинде ар түрдүү аңыз кептер айтылып, кээ бир депутаттардын мандат маселеси тар чөйрөдө козголуп жатканы, мындан улам көпчүлүгү дүрбөлөңгө түшкөнү маалымдалууда. Райымбек Матраимовго тийешеси бар делген депутаттардын тизмеси азырынча белгисиз. Ал эми 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанган Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева, Гүлкан Молдобекова, Марлен Маматалиев, Алишер Эрбаев, […]

Сизге жагышы мүмкүн