Ташкентте ЭКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги 16-саммити өтүүдө 

Автор

Президент Садыр Жапаров Ташкент шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитине катышууда.

Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин жана делегация башчыларын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

Саммитке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Пакистандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Анвар уль-Хак Какар жана ЭКУнун башкы катчысы Хусрав Нозири катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырым аралыгына (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. «Буга байланыштуу жолдордун […]

Сизге жагышы мүмкүн