Ташиев күрөөканаларды текшерүү керектигин айтты

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-декабрда УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай, жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап калып атышат.
“Андыктан, УКМКнын төрагасы Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30%дан ашырбоосу керектигин билгиледи. Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Чыдамым түгөнүп баратат! Макгрегор UFC уюмуна кайрылды

Абсолюттук мушташ боюнча чемпионаттынын мурдагы чемпиону Конор Макгрегор UFC уюмунун жетекчилигине катуу кайрылды. Ирландиялык ММА мушкери ага атаандаш берүүнү талап кылууда. “Эми алар апрель айында дешүүдө, ага чейин – декабрда деген болчу. Мага бирөөнү бергиле! Мушташ өнөрүндө эч ким мендей мамиле кылган эмес. Жок дегенде UFCге алып келген акчалар үчүн! […]

Сизге жагышы мүмкүн