Тазалануу Жогорку Кеңешке келдиби?

Автор

“Раимбек Матраимовдун айрым жан жөкөрлөрү Жогорку  Кеңешке чейин келип үлгүрүшкөн. Алардын атын атагандан коркпошубуз керек. Алар боюнча бүт далилдер чогулган жана алар уурулугун моюндашкан”,- дейт белгилүү журналист Али Токтакунов.

“Маселен, депутат Нурлан Ражабалиев Раимбек Матраимовдун атынан кантип иш жүргүзгөнүн биздин күбөлөр далилдешкен жана ал соттун чечиминин негизинде 12 млн сом мамлекетке төгүп берген”,- деди. Али Токтакунов билдиргендей,  Раимбек Матраимовдун дагы бир оң колу делген Абдывахаб Боронбаев Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурат.

Тамырлашкан Бажыдагы коррупция менен болгон күрөш эми Жогорку Кеңеште уланабы?

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Украина менен Израилге 75 миллиард доллар сурады

АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украина менен Израилге жалпысынан 75 миллиард доллардан ашкан жардам бюджетин макулдашууну суранды. Президент Украинага 61,4 миллиард доллар, Израилге 14,3 миллиард доллар сунуштады. Америкалык лидердин айтымында, абадан, ракетадан коргонуу системасын камсыздоо, өнүктүрүү аркылуу Израилдин коргонуусун бекемдөөгө болот. Украина үчүн президент курал-жарак жана жабдууларды, анын ичинде абадан […]

Сизге жагышы мүмкүн