Байден Украина менен Израилге 75 миллиард доллар сурады

Автор

АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украина менен Израилге жалпысынан 75 миллиард доллардан ашкан жардам бюджетин макулдашууну суранды.
Президент Украинага 61,4 миллиард доллар, Израилге 14,3 миллиард доллар сунуштады.
Америкалык лидердин айтымында, абадан, ракетадан коргонуу системасын камсыздоо, өнүктүрүү аркылуу Израилдин коргонуусун бекемдөөгө болот.
Украина үчүн президент курал-жарак жана жабдууларды, анын ичинде абадан коргонуу системаларын, ок-дарыларды жана аткыч куралдарды сатып алууну суранды.
Буга чейин Байден Украина менен Израилге жардамды “жакшы дивиденддерди” алып келе турган “акылдуу инвестиция” деп атаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы Ош базары кандай болот?

“Бишкек башкы архитектура” ишканасынын адистери жаңы автовокзал, “Ош” базары жана турак жай кварталы жайгашкан көп функционалдуу шаарчанын концепциясын иштеп чыгышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорлонуп жаткан шаарча Бишкектин түндүк тарабында, Сокулук районунда, Фучик/Василевский тар көчөсүнүн боюнда жайгашат. Аймак төмөнкүлөргө бөлүнөт: Турак жай шаарчасы; “Ош” базары; Volvo […]

Сизге жагышы мүмкүн