“Газпром” Кыргызстанда мунай жана көгүлтүр отун чыгарат

Автор

«Газпром» ЖАКсы бизден мунай жана газды алып, калкыбызды газ менен камсыздай турган жана мунай иштетүүчү заводдорубузда мунай иштете турган долбоор жактырылды»,-деп билдирди Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев XII Санкт-Петербург эл аралык газ форумунда.

Анын айтымында, долбоорду өлкө президенти Садыр Жапаров жактырган. Ал белгилегендей, «Газпром» ЖАК Кыргызстанда 2014-жылдан бери иштеп келет. Ал кезде республикада газдаштыруунун деңгээли 22 пайызды түзгөн. Өткөн жылдын аягында 38 пайызга жеткен. 2030-жылга чейин Кыргызстанда газдаштыруунун деңгээлин 60 пайызга жеткирүүнү пландап жатабыз»,-деди Таалайбек Ибраев.

Бөлүшүү:
Next Post

Россияда алтындын кору рекорддук деңгээлге жетти

Россиянын алтын кору өлкөнүн тарыхындагы рекорддук деңгээлге жетти. Азыр бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат «Сентябрдын аягында Россия Федерациясынын алтын запасы 2 пайызга (+44 тонна) көбөйүп, 2,36 миң тоннаны түздү. Бул өлкөнүн бүткүл тарыхындагы эң жогорку деңгээл»,-деп айтылат дүйнөлүк борбордук банктардын маалыматтарын талдоосунда. Россия алтындын запасы боюнча дүйнөдө бешинчи […]

Сизге жагышы мүмкүн