Тажикстан түрк жарандары үчүн виза режимин киргизди

Автор

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 20-апрелден тарта түрк жарандары үчүн виза режими киргизилгенин билдирди.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги түркиялык жалпы чет элдик паспорттордун ээлери үчүн визалык режим киргизилгенин жарыялаганын өлкөнүн улуттук Ховар маалымат агенттиги билдирди.
«Өз ара принципти ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 20-апрелинен тарта жалпы түрк чет элдик паспортторуна виза режими киргизилет»,-деп айтылат билдирүүдө. Түркиянын жарандары Тажикстанга визаны республиканын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринен жана консулдуктарынан ала алышат.
Бир жумадан ашык убакыт мурда түрк бийлиги тажик жарандары үчүн виза режимин киргизген. Тийиштүү жарлыкка президент Режеп Тайып Эрдоган 5-апрелде кол койгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионаты – 2024: Грек-рим күрөшү боюнча Эрлан Манатбеков коло утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Манатбеков Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында коло медаль утту. Манатбеков 130 кг чейинки салмак ченинде биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалдан баштады. Анда казакстандык Мансур Шадукаев аттуу спортчуну 9:1 эсебинде артта калтырды. Жарым финалда ирандык Амин Мирзазадеге 0:9 эсебинде жеңилүү ызасын тартып […]

Сизге жагышы мүмкүн