Азия чемпионаты – 2024: Грек-рим күрөшү боюнча Эрлан Манатбеков коло утту

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Манатбеков Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында коло медаль утту.
Манатбеков 130 кг чейинки салмак ченинде биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалдан баштады.
Анда казакстандык Мансур Шадукаев аттуу спортчуну 9:1 эсебинде артта калтырды. Жарым финалда ирандык Амин Мирзазадеге 0:9 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Ал эми коло үчүн беттешин өзбекстандык Исломжон Рахматов менен өткөрүп, 3:0 эсебинде утту.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз курулуштарды аныктады. Ведомстводон билдиришкендей, күн мурун Бишкек шаарындагы конуштардын тургундарынын кайрылууларынын негизинде агенттиктин директорунун орун басары Бакай Турдугулов, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Суеркулов Эрназбек, Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору Маратбек Акназаров жана Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо […]

Сизге жагышы мүмкүн