Кара-Кулжада чакан ГЭС ишке берилди

Автор

Кара-Кулжа районунун Буйга айылында кубаттуулугу 400 кВТч болгон «Буйга-1» чакан ГЭСи курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорду «Энерджи Буйга» ЖЧКсы ишке ашырды. Эске салсак, курулуш иштери жеке ишкер Рамис Ыдырысов тарабынан 2021-жылы башталып, 2023-жылы бүткөрүлгөн.

Учурда Кара-Кулжа районунун Чалма, Капчыгай айылдарын электр энергиясы менен камсыздоодо. Мындан сырткары, жакынкы мезгилдерде «Буйга-2» чакан ГЭСинин курулушун долбоорлоо иш-аракеттерин пландоодо.

Бөлүшүү:
Next Post

Дмитрий Бивол беттешке Кыргызстандын желеги менен чыгат

WBAнын жеңил салмактагы чемпиону Дмитрий Бивол (21-0) Кыргызстандын желеги астында IBF, WBC жана WBO версиялары боюнча жеңил салмактагы чемпион Артур Бетербиев менен (19-0) беттешүүгө даяр экенин Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) жетекчиси Маурисио Сулейман билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда. Маалыматка ылайык,  Бивол  учурда Орусиянын атынан WBC титулу үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн