Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эске салынды

Автор

Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Ата-энелер жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар. Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун:

 

-сууга уруксат кылынган жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;

– тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

– сууга мас абалында түшпөңүз;

– суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;

– кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

– күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;

-үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

-көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

 

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.

Бөлүшүү:
Next Post

5000ден ашык адам диктант жазды

Францияда 4-июнга үч диктант тапшыруу белгиленген. Биринчи этапта катышуучулар Альфонс Даудеттин «Менин тегирменимден келген каттар» аттуу чыгармасынан үзүндү жазышты. Аны журналист Огюст Трапинард окуду. Жазуучу Кэтрин Панкол менен Париж шаарынын мэринин спорт боюнча жардамчысы Пьер Рабадан тексттерди окууга чакырылган. Үч диктантты тең 5000ден ашык адам жазды. Иш-чаранын уюштуруучусу жана Елисей […]

Сизге жагышы мүмкүн