“Сулайман-Тоо” музей комплексинин жаңы директору дайындалды

Автор

Гулбара Абдыкалыкова “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абдыкалыкованы башкы директорлук кызматка маданият министри Алтынбек Максутов сунуштап, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аны жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырып, мезейлер-бул мамлекеттин жүзү, визиттик карточкасы экенин билегилеп, аталган мурас жай мейкиндигинин ишин алга жылдырууну каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Грузия “Коргоочу-2023” машыгууларына катышуудан баш тартты

Грузиянын Коргоо министрлиги Европа өлкөлөрүнүн аймагында өтүп жаткан АКШ баштаган “Коргоочу-2023” машыгууларына катышуудан баш тартты. Грузиянын Коргоо министрлиги Украинадагы жаңжалдын жана өкмөттүн саясатынын фонунда алардын мамлекети НАТО үчүн маанисин жоготту деп эсептеген оппозициялык билдирүүлөрүнө жооп кайтарды. «Таратылган маалымат бир жактуу жана коргоо министрлигине каршы кезектеги провокация болуп саналат»,-деп айтылат билдирүүдө. […]

Сизге жагышы мүмкүн