“Серый Кардиналдарга”  укуктук баа берилеби?

Автор

Сооронбай Жээнбеков мезгилинин “серый кардиналы” аталган Алмамбет Салиев бир топ кыңыр иштерге шек саналып, 2021-жылы камакка алынган эле. Ага президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин орун басары болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана экс-президентке жамынып алып, сот системасынын иштерине кийлигишкен, жеке компаниялардын кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон сыяктуу күнөөлөр тагылып, мыйзамсыз баюу боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын тууган уругуна катталган мүлкү аныкталып, 900 миң доллар деп болжонгон. Бирок, көп өтпөй ал камактан бошоп кеткен.

Учурда ал Ош шаарында ишкерлик менен алектенип, көп кабаттуу имараттарды салып жатканы айтылууда. Ал эми Икрам Илмиянов менен Манас Арабаев Бишкек шаарында жашап жатканы боюнча маалыматтар бар. Канткен менен коомчулук “Серый Кардиналдар” делген Алмамбет Салиевге, Икрам Илмияновго жана  Манас  Арабаевге мыйзам иштебейби, булардын жоопкерчилиги эмнеге каралбайт”,- деп айтып келишет.

Бөлүшүү:
Next Post

Дөңгөлөктүү чемодандарга тыюу салынды

Хорватиянын Дубровник шаарындагы туристтер эми шаардын көчөлөрүндө чемодандардын ызы-чуусу үчүн айып пул төлөшү мүмкүн. Шаар башчысы жергиликтүү тургундардын тажатма ызы-чуу тууралуу көптөгөн даттануусунан улам шаарда дөңгөлөктүү чемодандарды колдонууга расмий түрдө тыюу салды. Алардын айтымында, чемодандардын ызы-чуу алардын жакшы уктоосуна тоскоолдук жаратууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн шаар мэри Мато Франкович Эски […]

Сизге жагышы мүмкүн