Столтенберг НАТОнун башында дагы бир жыл калат

Автор

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 2024-жылдын октябрына чейин кызматта калаарын альянска мүчө өлкөлөр кабыл алышты. Бул тууралуу аткаминер өзү бышыктады.
Столтенберг: «НАТО боюнча өнөктөштөр менин башкы катчы катары ыйгарым укуктарымды 2024-жылдын 1-октябрына чейин узартууну чечкени үчүн сыймыктанам», – деди.
Столтенберг 2014-жылдан бери НАТОнун баш катчысы кызматын аркалап келет. Анын мөөнөтү эки жолу узартылган. Украин кризисинен улам Столтенберг 2023-жылдын сентябрынын аягына чейин кызматын сактап калды.
Белгилей кетсек, НАТОнун Башкы катчысын расмий шайлоо каралган эмес, альянс аны альянстын бардык мүчө-өлкөлөрүнүн макулдашуусунун негизинде дайындайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 5-июлга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.3 сом  болсо, сатуу  87.8 сом  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 43 тыйын  деп көрсөтүлгөн   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн