Саясатчы 15-майга чейин сотко кайрылат

Автор

Өткөн жумада камактан бошогон Жогорку Кеңештин экс-депутаты Адахан Мадумаров Бишкектин 1-май райондук соту чыгарган өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен 15-майга чейин кайрылат . Ал мындай маалыматты Телеграмдагы өздүк баракчасына жарыялады. Эл өкүлү өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана колуна алганын жазып, “мыйзам талаасында иш алып барабыз”,- деп билдирген. Адахан Мадумаров 7 ай УКМКнын тергөө абагында жатып, 26-апрель күнү бошогон. Ошол эле күнү БШК анын мандатын жокко чыгарган токтомун токуган.
Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында 1-май райондук соту аны күнөөлүү деп таап бирок, мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза колдонгон эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Боррель: Европалыктар Донбасс үчүн өлбөйт

Европалыктар Россия Федерациясы менен болгон жаңжалда Украинаны колдоого даяр, бирок Донбасс үчүн өлүүгө даяр эмес. Бул тууралуу европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррел Эр-Риядда өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди. Анын айтымында, Украина каршылык көрсөтүп турганда колдоону улантуу керек. Евробиримдик Киевге жардам берүүнү, анын ичинде курал-жарак менен камсыздоону улантат. Буга чейин ал […]

Сизге жагышы мүмкүн