Сот Фархат Исмаиловдун арызын канааттандырган жок

Автор

Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын карап, канааттандырган жок. Мындай чечим 3-августта кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс») диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгон.

 

Эки депутат БШКнын чечими боюнча сотко арызданган.

Бөлүшүү:
Next Post

4-августка карата аба ырайы

Эртең, 4-августта тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,   Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,   Нарын облустарында түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн