Сот жана прокуратуранын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Автор

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында  мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

 

Комиссия түзүү демилгесин “Мекенчил” депутаттык тобу көтөргөн.

 

Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:

 

— «Ата-Журт Кыргызстан», Фархат Исмаилов;

 

— «Мекенчил», Жусупбек Коргонбай уулу;

 

— «Ыйман нуру», Султанбай Айжигитов;

 

— «Элдик», Арсланбек Малиев;

 

— «Ынтымак», Бакыт Тентишев;

 

— «Ишеним», Марат Мураталиев;

 

— «Бүтүн Кыргызстан», Эмил Токтошев;

 

— «Альянс», Нилуфар Алимжанова.

Бөлүшүү:
Next Post

Килиан Мбаппе "Пари Сен-Жермен" клубунан кетет

Франция курама командасынын  жана “Пари Сен-Жермен” футбол клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе күтүүсүз бурулуш жасады.  Атактуу футболчу  жетекчиликке келишимди 2024-жылы узартпай турганын айткан. Клуб болсо  аны тез арада сатууну көздөп жаткандыгын чет элдик спорттук басылмалар жазууда. Британиялык “The Telegraph” булагына караганда, париждик клуб буга чейин 24 жаштагы чабуулчуну трансфер рыногуна чыгарган. […]

Сизге жагышы мүмкүн