Израиль армиясы Сириянын аскердик инфраструктурасына чабуул жасады

Автор

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн согуштук учактары Сирия армиясына таандык аскердик инфраструктурага жана минометтук объекттерге сокку урганын билдирди.
Бул Сирия тараптан аткылоого жооп катары жасалды. 24-октябрдын кечинде аскерлер ал жерден атылган эки ракета Израилдин ачык жерлерине түшкөнүн жарыялашкан.
Сирия тарап ошондой эле израилдик аскерлер Дамаск жана Алеппо аэропортторуна эки жолу 12 жана 22-октябрда чабуул жасаганын билдирди. Чабуулдардын бири Ливанга заманбап куралдардын өтүшүнө жол бербөө максатында жасалганы кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Расул Гамзатовдун 100 жылдыгы белгиленди

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Дагестан Республикасынын Эл акыны Расул Гамзатовдун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ага маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Дагестандын Элдик жыйынынын төрагасы Заур Аскендеров, Кыргызстан Калкы ассамблеясынын төрагасы Алманбет Матубраимов, […]

Сизге жагышы мүмкүн