Селдин кесепетинен 3 адам көз жумду

Автор

Тажикстандын бир катар аймактарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду. Өлкөнүн өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин (ӨККК) маалыматына караганда Хатлон жана Согди облустарында, ошондой эле Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун аймагында жамгыр, сел жана дарыяларда суунун деңгээлинин жогорулашы катталган.
Куткаруучулар айылда оор инженердик техниканын жардамы менен селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Табигый кырсыктан келтирилген зыяндын өлчөмүн атайын комиссия белгилейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Уюшкан кылмыштуу топтордон алынган объекттер аукциондо сатылат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги уюшкан кылмыштуу топтордон алынган объекттерди аукциондо сатат. Анын ичинде бир нече имараттар бар. Сатыкка төмөндөгү обьектилер коюлган: 1. Эгиз имараттардагы кеңселер. Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү (87/2) эгиз имараттарында 14-кабатта жайгашкан жалпы аянты 773,8 чарчы метр болгон кеңсе бөлмөлөрү, эмеректери менен 2. “Кристалл Таш-Көмүр” ААКсы. Таш-Көмүр шаарындагы Кристалл […]

Сизге жагышы мүмкүн